1.     Кыргыз тилинин тарыхынан маалымат.

2.     Кыргыз тили тилдердин кайсы тобуна кирет?

3.     Кайсы маалыматтар байыркы кыргыздардын өзүнүн жазуусу бар экендигин далилдейт?

4.     Азыркы кыргыз тили кайсы алфавиттин негизинде түзүлгөн?

5.     Тил жөнүндөгү элдик макал-лакаптардан, алардын маанилери.

6.     Кыргыз тили сөз жасалуу жана сөз өзгөрүү жагынан тилдердин кайсы тобуна кирет?

7.     Кыргыз тилинде кайсы тамгалар менен белгиленген тыбыштар өзгөчөлөнүп турат?

8.     Кыргыз тилинде сүйлөмдүн түзүлүшү менен орус тилиндеги сүйлөмдүн түзүлүшүндө кандай айырмачылыгы бар?

9.     Тилдин тыбыштык түзүлүшү жөнүндөгү илим кандай аталат?

10.    Кыргыз тилиндеги басымдын ролу.

11.    Кыргыз тилинде грамматикалык жактан род категориясы боюнча кандай өзгөчөлүк бар?

12.    Кыргыз тилинде зат атоочтор сын атоочтор менен ээрчишеби?

13.    Тил илиминде гениалогиялык бөлүштүрүү боюнча кандай тил уялары бар?

14.    Тилдер морфологиялык жактан кандай топторго бөлүнөт?

15.    Кыргыз тили морфологиялык жактан кайсы топко кирет?

16.    Алтай тил уясы канча тайпага бөлүнөт, кыргыз тили кайсынысына кирет?

17.    Кыргыз тилин башка тилдерден айырмалап турган өзгөчөлүк.

18.    Кыргыз тилиндеги тыбыш менен тамгалардын классификациясы.

19.    Кайсы тамгалар сырттан кирген сөздөрдө гана кездешет?

20.    Жазуунун жашоодогу мааниси кандай?

21.    Дүйнө элдери колдонуп келген жазуулар.

22.    Сүрөттүк, идеографиялык, муундук жазууларынын азыркы биздин турмушта колдонуу элементтери.

23.    Жазуунун эң өнүккөн түрү.

24.    Кыргыз эли колдонуп келген жазуулар.

25.    Кыргыз элинин уйгур жазуусун колдонгондугунун далилдери.

26.    Араб жазуусу менен революцияга чейин басылып чыккан эмгектер.

27.    Үндөштүк закону.

28.    Жусуп Баласагын – дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири.

29.    Кут билим” философиялык-эстетикалык чыгарма.

30.    Тилдеги сөздөрдүн жалпы жыйындысы кандай аталат?

31.    Лексика тилдин кайсы тармагын изилдейт?

32.    Жөнөкөй жана татаал сөздөр, алардын жазуудагы өзгөчөлүктөрү.

33.    Кош сөздөр менен кошмок сөздөрдү жазуудагы айырмачылыктар.

34.    Кыскартылган сөздөрдү жазуудагы өзгөчөлүктөр.

35.    Үй-бүлө тууган туушкандык мамилени билдирген сөздөр.

36.    Энчилүү аттар.

37.                       Синонимдер антонимдер жана омонимдер.

38.                       Фразеологизмдер, алардын мүнөздүү белгилери.

39.                       Фразеологизмдер менен макал, ылакаптардын айырмачылыгы

40.                       Кыргыз элинин кандай улуттук аспаптары бар?

41.                       Үйлөмө аспаптарды билесиңби, кандай түрлөр бар?

42.                       Ат атооч тууралуу айтып бер.

43.                       Ат атоочтордун кандай түрлөрү бар?

44.                       Тактооч тууралуу айтып бер.

45.                       Тактоочтор маанисине карата кандай болу бөлүнөт?

46.                       Ат атооч сөздөр жөндөлгөндө кандай жөндөлөт?

47.                       Кызматчы сөздөр деген эмне, анын кандай түрлөрү бар?

48.                       Маани берүүчү сөздөр менен кызматчы сөздөрдүн кандай айрымасы бар?

49.                       Жандоочтор тууралуу айтып бер?

50.                       Бөлүкчөлөр деген эмне?

51.                       Бөлүкчөлөрдүн кандай түрлөрү бар?

52.                       Байламталар тууралуу эмнени билесиң?.

53.                       Байламталардын кандай түрлөрү бар?

54.                       Сөз айкашы деген эмне?

55.                       Сөз айкашынын кандай түрлөрү бар?

56.                       Сүйлөм жана анын түрлөрү.

57.                       Адамдын кандай асыл сапаттарын билесиң?

58.                       Жөнөкөй сүйлөм.

59.                       Бир өңчөй мүчөлөр тууралуу.

60.                       Татаал сүйлөмдөр.

61.                       Татаал сүйлөмдүн кандай түрлөрү бар?

62.                       Кыргызстандын мисалында туризм өлкөнүн келечеги боло алабы?

63.                       Сүйлөмдүн мүчөлөрү.

64.                       Кыргызстандагы кандай касиеттүү жерлерди билесиңер?

65.                       Сүйлөмдүн ээси.

66.                       Баш мүчөлөрдүн ортосуна кайсыл учурда сызыкча коюлат?

67.                       Бишкек шаарындагы кандай маданий жайларды билесиң?

68.                       Сүйлөмдүн баяндоочунун милдетин кандай сөз түркүмдөрү аткарат?

69.                       Спорт – бул ден соолуктун булагы дегенди кандай түшүнөсүң?

70.                       Сүйлөмдүн Айкындооч мүчөлөрүнө кайсылар кирет?

71.                       Сүйлөмдүн толуктоочу.

72.                       Аныктооч мүчө деген эмне?

73.                       Каратма сөз деген эмне?

74.                       Адам менен табияттын кандай байланышы бар?

75.                       Киринди сөз.

76.                       Сүйлөмдүн бышыктоочу.

77.                       Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр.

78.                        Туура жазуу жөнүндөгү илим кандай деп аталат?

79.                        Орфоэпия илими эмнени үйрөтөт?

80.                        Кептин кандай түрлөрү бар?

81.                        Кептин канча стили бар?    

82.                        Көркөм стилдин негизги өзгөчөлүктөрү.

83.                        Оозеки стиль менен жазма стилдин кандай айырмачылыктары бар?

84.                        Публицистикалык стилде кандай эмгектер жазылат?

85.                        Публицистикалык стилде жазылган кандай чыгармаларды билесиң?

86.                        Илимий эмгектер кайсы стилде жазылат?

87.                        Иш кагаздар стили колдонулуу чөйрөсүнө карай кандай бөлүктөрдөн турат?

88.                        Өздүк иш кагаздарына кайсылар кирет?

89.                        Уюштуруучу жана буйруучу иш кагаздарына кайсылар кирет?

90.                        Арыздын кандай түрлөрү бар?

91.                        Арыз кайсыл учурларда жазылат?

92.                        Түшүнүк каттын маалым даректери кайсылар?

93.                        Түшүнүк кат кайсы учурда жазылат?

94.                        Кыргыз Республикасында иш кагаздарды жүргүзүүдө канча маалым даректи колдонобуз?

95.                        Дипломатиялык иш кагаздарына кайсылар кирет?

96.                        Иш кагаздарын жазууда кандай талаптар бар?

97.                        Иш кагазынын бланкы кандай болушу керек?

98.                        Иш кагаздарынын аталышы кандай жазылат?

99.                        Таржымалды жазууда кандай маалым даректерге көңүл бурабыз?

100.                   Өзү тууралуу маалыматтарды тизмектеп жазган иш кагазы кандай аталат?

101.                   Бирөөнөн акча же буюм алган убакта кандай иш кагазы жазылат?

102.                   Ишеним кат кайсы учурда жазылат?

103.                   Ишеним каттын кандай түрлөрү бар?

104.                  Бир жолку ишеним каттын мөөнөтү канча убакыт?

105.                  Мүнөздөмө кайсы учурда жана ким тарабынан жазылат?

106.                  Мүнөздөмө-жолдомо касы учурда жазылат?

107.                  Келишимдин текстти кандай бөлүктөрдөн турат?

108.                  Эмгек келишиминде жумуш берүүчүнүн милдеттери дагы жазылыш керекпи?

109.                  Буйруктун маалым даректери кандай?

110.                  Протокол качан жазылат?

111.                  Кайсы стилде адабий тилдин нормасынан четтеп, диалектилер, жаргондор көбүрөөк колдонулат?

112.                  Азыркы кыргыз адабий тилинде иш кагаздар стилинин  канча түрү бар?

113.                  Мамлекеттик бийликтин жогорку органы тарабынан бекитилген, жалпыга милдеттүү жобо.

114.                  Улуттук тилдеги көркөм каражаттар(метафара, метонимия, эпитет, кайталоо ж.б.) кеңири колдонулуп, бизди курчап турган чындык, жаратылыш, адамдардын образдары, турмуштук кубулуштар, айбанаттар, үрп-адат ж.б. өтө кызыктуу, элестүү, эмоционалдуу, берилген стиль.

115.                  Жакшы, жакшы, тегеренейин силерге ырахмат!

Сүйлөмдөгү асты сызылган сөз кандай сөз?

116.                  Күндөлүк турмушубузда кең-кесири колдонулуучу иш кагаздары кандай  аталат?

117.                  “..Кабыл алынсын”, “..Бошотулсун”, “..Дайындалсын”,  “..Сыйлансын”,  “..Алкыш жарыялансын”,  “..Эскертилсин” ж.б.у.с. этиштер кайсы иш кагазында колдонулат?

118.                  Жумушка кирүүдө, жумуштан кетүүдө, өргүү алууда, жумуштан которулууда жазылуучу иш кагазы кайсы?

119.                  Жеке уюштуруучу иш кагаздарына кайсы иш кагаздары кирет?

120.                  Мамлекеттик жогорку мекемелер ортосунда жүргүзүлүүчү иш кагаздар кайсылар?

 

Кыргыз адабияты боюнча:

 

121.             Жусуп Баласагын тууралуу эмне билесиң?

122.             Жусуп Баласагындын кайсы чыгармасы бизге белгилүү?

123.              “Кутадгу билик” дастаны тууралуу.

124.             Махмуд Кашгари тууралуу эмне билесиң?

125.             Молдо Кылычтын биринчи китеби качан, кайда басылып чыккан жана ал эмне жөнүндө?

126.             Молдо Кылыч чыгыштын кайсы акындарын окуп, таалим алган?

127.             Молдо Кылычтын чыгармачылыгындагы адам менен табият жөнүндөгү идеялардын маңызы эмнеде?

128.             Тоголок Молдо акылмандыкты, даанышмандыкты акын кайсы чыгармаларында даңазалайт жана бул сапаттарды кандай образдар аркылуу сүрөттөйт?

129.              «Кемчонтой» поэмасынын негизги идеясы эмнеде?

130.             Кыргыз адабиятындагы легендага айланган акындар тууралуу эмне билесиң?

131.             Асан Кайгынын чыгармачылыгы тууралуу эмне билесиң?

132.             Б. Солтоноевдин кыргызга сиңирген эмгеги эмнеде деп ойлойсуңар?

133.              «Кызыл кыргыз тарыхында» эмнелер чагылдырылган жана бул эмгектин мааниси эмнеде?

134.             Казыбектин ырларын биринчи болуп эл арасынан ким жыйнаган?

135.             Түркстан басма сөзүндө жарыяланган алгачкы, ыр саамалыктары кайсылар жана алардын авторлору ким болгон?

136.             Алгачкы аңгемелер кайсылар атап бер?

137.             Алгачкы ыр жыйнактарынын аталыштары кандай?

138.             К. Тыныстановду коомдук ишмер, котормочу, журналист – редактор, жана тилчи окумуштуу катары мүнөздөп бергиле?

139.             К.Тыныстановдун «Жаңыл Мырза» поэмасы тууралуу айтып бер.

140.             Тыныстанов казармалык түзүлүштүн убагында эмне үчүн куугунтука алынган?

141.             Бала Мукайды кандай турмуштук жагдайлар курчуткан?

142.              «Узак жол» романынын кыргыз адабиятына алып кеген жаңылыгы эмнеде?

143.             «Узак жол» окурмандарга кандай идеялык, руханий дөөлөттөрдү таалимдеп турат?

144.             А. Токомбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып бергиле.

145.             А. Токомбаевдин адабият майданына келген биринчи ыры жана анын акындын чыгармачылыгындагы мааниси эмнеде?

146.             «Кандуу жылдар» ыр менен жазылган биринчи роман жана анын өмүр сүрүүсүндөгү тагдыры?

147.             А. Токомбаевдин прозалык чыгармалары тууралуу эмне билесиң?

148.             Жусуп Турусбековдун чыгармачылык жактан эрте жетилишине кандай факторлор таасир кылган?

149.              «Энем» поэмасы аркылуу акын кыргыз поэзиясына кандай жаңылык алып келген?

150.             «Ажал ордуна» драмасынын көркөмдүк артыкчылыктары кайсылар жана чыгарманын ийгиликтүү чыгышынын себеби эмнеде?

151.             К. Маликовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу жалпы мүнөздөмө бергиле?

152.             «Балбай» поэмасында кайсы тарыхый доор чагылдырылган?

153.              Ж. Бөкөнбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып бер.

154.              «Алтын кыз» драмасы жөнүндө жана акындын эмгек темасына арналган ырлары туурасында айтып бергиле.

155.              К. Жантөшев чыгармачылыгын кайсы жанрдан баштаган, прозаданбы же драмаданбы?

156.              «Каныбек» романы, анын кыргыз прозасында алган орду.

157.              К. Жантөшевди драматург катары тааныткан чыгармалары кайсы?

158.             Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз прозасы жана К. Баялиновдун чыгармачылыгы.

159.              «Ажар» повести жана анын кыргыз прозасындагы алган орду.

160.              Эмне үчүн «Көл боюнда» чыгармасы кыргыз прозасындагы этаптуу чыгарма?

161.              А. Осмоновдун поэзиясы кыргыз адабиятына кандай жаңылыктарды киргизген?

162.             Акындын чыгармачылыгындагы бурулуш кайсы жыйнагынан башталган деп ойлойсуңар?

163.              Акындын жекече тагдырындагы драмасы анын чыгармачылыгына кандай таасир берген?

164.              А. Осмоновдун котормочулук чеберчилиги кайсы чыгармада таасын көрүнөт?

165.               М. Алыбаевдин өмүрү жана чыгармачылык жолу туурасында айтып бергиле.

166.              Эмне үчүн Мидинди лирик акын дейбиз?

167.              Мидин Алыбаевдин сатираларынын бүгүнкү күн үчүн мүнөздүүлүгүн кандай түшүнөсүң?

168.              Р.Шүкүрбековдун өмүр таржымалы жана чыгармачылыкка кадам ташташы.

169.              Кыргыз драматургиясындагы комедия жанрынын жаралуу, өнүгүү мезгили жөнүндө айтып бергиле.

170.              Р. Шүкүрбековдун сатиралары тууралуу айтып бер.

171.              «Манас» эпосун алгач кайсы окумуштуулар жыйнап, изилдей баштаган?

172.              «Манас» эпосунун сюжеттик өзгөчөлүгү тууралуу айтып бер.

173.               «Манас» үчилтигинин көлөмү канча?

174.              Манастын жети осуятын билесиңерби?

175.               Т. Сыдыкбековдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып бер.

176.              Т. Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романы тууралуу айтып бер.

177.              Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып бер.

178.              «Делбирим» чыгармасы эмне тууралуу жазылган?

179.              «Жамийла» чыгармасында кандай проблемалар көтөрүлгөн?

180.              «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» чыгармасын кимдин айтып берүүсү менен жазган?

181.              «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» чыгармасында кандай проблемалар козголгон?

182.              «Гүлсарат» повестинде көтөрүлгөн негизги проблемалар кайсылар?

183.              «Ак кеме» повестиндеги баланын өзүнүн жомогу эмне жөнүндө?

184.              «Кылым карытар бир күн» романындагы көтөрүлгөн адамдык жана ааламдык проблемалар.

185.              «Кыямат» романындагы карышкырлар чыгармада кандай максатта колдонулган?

186.              «Кыямат» романында кылымдын трагедиясы болгон наркомания проблемасы канчалык деңгээлде чагылдырылган?

187.              Ч. Айтматовдун акыркы чыгармасы кандай аталат жана эмне жөнүндө.

188.              У. Абдукаимовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу айтып бер.

189.              «Майдан» романы кайсы мезгилди сүрөттөгөн чыгарма?

190.              Т. Касымбековдун өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу баяндап бер.

191.              «Сынган кылыч» тарыхый романы кайсыл учурду сүрөттөгөн чыгарма?

192.              С. Эралиевдин чыгармачылыгы тууралуу кенен айтып бер.

193.              С. Эралиевдин лирикалары жана алардын көркөмдүк өзгөчөлүктөрү.

194.              «Кесир инсан» поэмасы тууралуу айтып бер.

195.              Б. Сарногоевдин өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу айтып бер.

196.              «Ашуудан берген отчётум» символикалык жыйнагы тууралуу айтып бер.

197.              Б. Сарногоевдин сатиралык чыгармаларынын көркөмдүк деңгээли.

198.              Т. Абдумомуновдун өмүрү жана чыгармачылык жолу.

199.              «Абийир кечирбейт» драмасынын кыргыз драматургиясына алып келген жаңылыгы.

200.              Пьесада ыйман проблемасы кандай чечмеленген?